Сокулукта кытайлык ишкерлерди карактап кетишти. Шектүүлөр аныкталды
RU

Сокулукта кытайлык ишкерлерди карактап кетишти. Шектүүлөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайлык ишкерлерге кол салганга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Чүй ОИИББден маалымдашкандай, кармалгандардын жанында курал-жарак болгон.

Белгилүү болгондой, 9-январда таңкы саат 05:00 чамасында беткап кийген 4 адам Сокулуктагы "Ремп Групп" ишканасына курал менен кирип барышкан. Анда Ю.Н. аттуу жумушчуну жана В.П.Л., В.Чж.Ф деген кытай ишкерлерин сабап, байлап, 650 миң сом алып из жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча "Карактоо" беренеси мене иш козголуп, ИИМдин жеке көзөмөлүнө алынган.

Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Балыкчы шаарынын тургундары 1992-жылы туулган А. Н., 1993-жылы туулган А. А., 1989-жылы туулган М. А., 1991-жылы туулган Т. А. жана 1992-жылы туулган Бишкектин А.Н. атту тургуну кармалды. Алар уюшкан топтун мүчөлөрү катары каттоодо турган.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9903