2022-2023-жылдагы жылытуу мезгили 137 күнгө созулган
RU

2022-2023-жылдагы жылытуу мезгили 137 күнгө созулган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-мартта "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалдары – Бишкек ЖЭБ жана "Бишкекжылуулук" ишканасы жылуулук берүү мезгилин аяктады. Мекемеден билдиришкендей, жылытуу мезгили ийгиликтүү өттү.

Маалым болгондой, учурда жылуулук-механикалык жабдууларды өчүрүү жана жылуулук берүүнүн басымын азайтуу иштери жүрүп жатат. Жылытуу мезгили 137 күнгө созулган.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБи Кыргызстандын түндүгүндөгү электр жана жылуулук өндүрүүнүн жалгыз негизги булагы болуп саналат. Кышкы мезгилде жылуулук борбору суткасына максималдуу 10-11 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын жана 15 миң Гкалдан ашык жылуулук энергиясын иштеп чыгат.

Белгилесек, 10-мартта Бишкек мэриясынын №53 буйругуна ылайык, жылытуу мезгили аяктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10833