Токмок шаардык кеңештин депутаты СИЗОго киргизилди
RU

Токмок шаардык кеңештин депутаты СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев СИЗОго киргизилди. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Токмоктун мэри Урмат Самаевдин жакыны делинген Кайрат Чокеев 9-мартта кармалган. Ал "Яндекс.Такси" - "Салтанат Кей Джинин" өкүлүн коркутканга шектелген. Чокеевге "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголгон.

Буга чейин шаардык кеңештин депутаттары Кайрат Чокеев, Зафар Абраимов, анын бир тууганы "Яндекс.Таксинин" өнөктөштөрүн коркуткан. Депутаттар Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевге жакын экени кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10838