"Бикард" клиникасына Кубанычбек Жумалиев госпитализацияланды
RU

"Бикард" клиникасына Кубанычбек Жумалиев госпитализацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Кубанычбек Жумалиев бир ай мурун "Бикард" клиникасына жеткирилген. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структуралары билдиришти.

Күч структуралары берген маалыматка ылайык, Жумалиев УКМКнын СИЗОсунан "Бикард" клиникасына жеткирилгенине бир айдан ашып калды. Учурда жүрөгүно операция жасалат деп күтүшүүдө, анткени анын жүрөгүндө кемтиги (сердечно-сосудистая недостаточность) бар.

Эске салсак, ЭККМКга германиянын Б.Ф. аттуу жараны кайрылып, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев таратптан алданганын билдирген. Депутат ишенимге кирип $1 миллионго жабдык алып, бирок $200 миңин эле төлөгөн.

Белгилей кетсек, "Бикард" менчик клиникасында Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимов да дарыланып жатат (учурда ал фамилиясын Ысмаилов, деп өзгөрткөн).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1084