"УКМК молодцы!" Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевдин кармалышына комментарий берди
RU

"УКМК молодцы!" Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевдин кармалышына комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевдин кармалышы туурасында өзүнүн пикирин Facebook баракчасына жазды.

Жалпысынан Жапыкеев Жумалиевдин кармалышына ыраазы, мейли УКМК тарабынан болсо дагы.

"Достор түшүнүктүү болсун: УКМК коррупция жана өзгөчө оор, чоон мааниге ээ кылмыштарды иликтейт, аны менен күрөшөт, а Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөт.( Камаш кыйын) Финпол депутатка алыбыз жетпесе да балдарын камаганбыз, бирок алар сот аркылуу чыгып кеткен.

Бүгүн Жумалиевди АКС басыптыр, бир чети туура болду, УКМКанын мүмкүнчүлүгү көп, СИЗОсу да бар, өздөрү изилдешсин (объективно). Коррупция менен АКС күрөшөт, мыйзам ошондой", - деп Жапыкеев жазды.

Андан тышкары ал финполициянын тагдырына да комментарий берди. Анын айтымында, ведомство өкмөттүн структурасында калат.

"Достор, акыркы күндө мени жамандап ушак чыгаргандар көбөйдү. Провокацияга алдырбай тынч эле тура-туралык. Жумушка жабышкан жокбуз. Бирок, Финпол буюрса калчудай. Достор сабырдын түбү сары алтын. Сабырдуулукка чакырам. Мына акчага таянган маал өттү, миллиардер "Граф" корона вирустан өтүп кетиптир, ыйманы саламат болсун, миллиардер Жумалиев кармалды. Коррупция менен күрөшүү накта башталды. Молодцы, УКМК!!!", - деп жазган.

  • Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевди жоопкерчиликке тартуу аракеттерин көргөн, жакында анын туугандарын коррупция үчүн камакка алган, бирок сот аларды кое берген.
  • Өкмөттөгү өзгөрүүлөрдүн фонунда Жапыкеевдин өзүнүн да карьерасына боюнча маселелер жаралган, ошондуктан ал соцтармактарга жаңы бийликти сындап жазып чыккан. Бирок азыр кайра өзүнүн тарапташтарын чыдамкайлыкка чакырып жатат.
  • УКМК менен финполициянын ортосунда айтылбаган конкуренция байкалууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/595