Дөө Чыңгыздын өлүмү боюнча соттук отурум болбой калды
RU

Дөө Чыңгыздын өлүмү боюнча соттук отурум болбой калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-мартта Октябрь райондук сотунда СИЗО-1де өлтүрүлгөн кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча соттук отурум болду. Анда Бишкектеги СИЗО-1дин үй камагында отурган төрт кызматкери жана 6 алыйыпталуучу сот залына алып келинди.

Сот отуруму айыпталуучунун жактоочусунун келбей калгандыгынан улам болбой калды. Судьянын айтымында, жактоочу атайын телефонун өчүрүп, процессти үзгүлтүккө учуратууда.

Жыйынтыгында сот 16-мартка жылдырылды.

Белгилей кетсек, Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 2022-жылы 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө 7 адам шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10871