Дөө Чыңгыздын өлүмү. Айыпталуучулар сот залына жеткирилди
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда бүгүн, 13-мартта СИЗО-1де өлтүрүлгөн кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун иши боюнча соттук отурум уланууда.
Соттук отурумга Кубанычбек Касымбеков төрагалык кылууда. Сот залына Бишкектеги СИЗО-1дин үй камагында отурган төрт кызматкери келди. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана шалаакылык кылган деп айыпталууда.
Аларга "Адам өлтүрүү" беренесинин (122-берене) 2-бөлүгүнүн 7-пункту "өзгөчө мыкаачылык менен", 16-пункту "алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган" деген айыптар тагылууда.
Белгилей кетсек, Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 2022-жылы 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө 7 адам шектелүүдө.