Кербендеги өрт чыккан ооруканадан 134 бейтап эвакуацияланды
RU

Кербендеги өрт чыккан ооруканадан 134 бейтап эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аксы районунун Кербен шаарындагы оорукана күйүп жатат. Жерине Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жөнөп кеткенин аталган министрликтен билдиришти.

"Аксы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратында өрт чыкканы боюнча маалымат келип түшкөндөн кийин саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти. Жеринде Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору көзөмөл жүргүзүп жатат. Акыркы маалымат боюнча, бейтаптар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды, жабыркагандар жок.

Бардык тийиштүү ич-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан реанимация, төрөт, хирургия, балдар бөлүмдөрүнөн 134 бейтап эвакуацияланды", - дешет министрликтен.

Белгилесек, бүгүн, 13-мартта Кербен шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүнөн өрт чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10872