НАН: Кыргызстанда жер титирөөлөр көп каттала баштады. Бул эмне үчүн жакшы?
RU

НАН: Кыргызстанда жер титирөөлөр көп каттала баштады. Бул эмне үчүн жакшы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакшы жабдууларга ээ болуу сейсмикалык окуяларды көбүрөөк жазууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу 13-мартта архитектура-курулуш форумунун жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Сейсмология институтунда 24 сейсмикалык станция бар, анын ону Бишкектин айланасында орнотулган.

"Алар өз убагында мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле коңшу мамлекеттердин сейсмикалык станцияларынын маалыматтарын өлкө боюнча кырдаалга баа берүү үчүн колдонобуз", - деди ал.

Абдрахматов кошумчалагандай, Кыргызстанда акыркы жылдары сапаттуу санариптик сейсмикалык станциялар бар болгону үчүн жер титирөөлөр көп катталууда.

"Жакшы жабдуулардын болушу бизге көбүрөөк жер титирөөлөрдү жазууга мүмкүндүк берет. 2006-жылы биз санариптик сейсмикалык станцияларды алып, көбүрөөк сейсмикалык кубулуштарды каттай алдык. Бул жер титирөөнүн алдын алуу үчүн да маанилүү. 2006-жылга чейин жылына орточо 2,5 миң жер титирөөнү каттап келгенбиз, сейсмикалык станцияларды алгандан кийин биз 9,5 миңге жакын жазыла баштады", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10875