Кайрадан жер титиреди. Бул ирет Кытайда. Жердин силкиниши Кыргызстанда да байкалды
RU

Кайрадан жер титиреди. Бул ирет Кытайда. Жердин силкиниши Кыргызстанда да байкалды

Все самое интересное в Telegram

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-мартта саат 03:01де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Эркештам жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10857