Депутат Айбек Алтынбеков: Өлкөдөгү байлар салык төлөбөйт
RU

Депутат Айбек Алтынбеков: Өлкөдөгү байлар салык төлөбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айбек Алтынбеков эң бай кыргызстандыктар салык төлөбөй жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 13-марттагы жыйынында Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү маселеси талкууланып жаткан учурда ал прокурорлордун, соттордун, экс-министрлердин, экс-депутаттардын кой, жылкысы абдан көп экенин белгиледи.

Анын айтымында, алар салык төлөшпөйт.

"Мал үчүн жайыт, суу бекер. Алар сарай же жер үчүн төлөшпөйт. Муну кайра карап чыгышыбыз керек, салыкты баары төлөшү керек, өзгөчө - байлар", - деди Алтынбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10877