Дүкөнчүнүн ордуна башка бирөө отурса айып салынат. Сурабалдиева салыктын талабына нааразы
RU

Дүкөнчүнүн ордуна башка бирөө отурса айып салынат. Сурабалдиева салыктын талабына нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүкөнчүнүн ордуна башка бирөө отурса айып салынат. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева сунушталып жаткан салыктын жаңы бир талабын айтып нааразы болду.

13-мартта парламенттин тармактык комитетинде Салык кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Депутат "жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлерлер бирөөнү жалдап иштетүүгө болбойт деп жатасыңар, туурабы ушул?" деп сурады.

Ага экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "ооба, баары туура" деп жооп берди.

Анда министр патент менен иштегенде дагы бир адамга жазылып, аны менен экөө соода кылганга мүмкүнчүлүгү жок экенин, азыр деле ошол эле принцип колдонулуп жатканын белгиледи.

"Жүрүңүз, экөөбүз тең дүкөндөргө барып көрөлү. Иш жүзүндө кандай болуп жатат, кичинекей киоскиде, эгин талаасында бир адам 365 күн иштебейт. Ал бирөөнү жалдайт, карындашыбы же тууганыбы, кимди болсо дагы. Аларды автоматтык түрдө юридикалык жакка которуп жатасыңар. Мындай учурда жеринде салыкчынын колуна акча берип бүтүрүшөт. Региондо чуу түшүп жаткан элди тынчтандыруунун ордуна Экономика министрлиги талаптарды катаалдаштырып жатасыңар. Мунуңар кичинекей иш кылып, нанын таап жеп жаткан катмарга таасир этет да", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10874