Башкы прокуратура: Бишкек мэриясында айлык мыйзамсыз көбөйтүлгөн
RU

Башкы прокуратура: Бишкек мэриясында айлык мыйзамсыз көбөйтүлгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Прокуратура Бишкек мэриясында 2021-2022-жылдары айлык мыйзамсыз негизде көбөйтүлүп берилген фактыны аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык мыйзам бузуунун кесепетинен 781 миллион 397 миң сом чыгым болгон. Бул убакыт аралыгында эки айлыктын суммасы төлөнүп турган.

"Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында мыйзам талаптарын одоно бузушкан", - деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10898