Бүгүндөн баштап Бишкекте Исанов көчөсүнүн бөлүгү бир тараптуу болот
RU

Бүгүндөн баштап Бишкекте Исанов көчөсүнүн бөлүгү бир тараптуу болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк багытында бир тараптуу кыймыл уюштурулат. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, мындай чечим жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды.

Милициянын кайгуул кызматынынын башкармалыгы Исанов-Токтогул-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде иликтөө жүргүзгөн. Анда Исанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан унаалардын агымы Москва көчөсүнөн бурулуп бара жаткан унаалардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болуп, унаа тыгынын жаратканын көрсөткөн.

"Аталган көчөдө бир тараптуу кыймылды уюштурууда айдоочулар Тоголок Молдо көчөсү менен түндүктү көздөй айдай алышат," - дешет мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10816