Азамат Болгонбаев Чүй драма театрынын директорлугунан кетти
RU

Азамат Болгонбаев Чүй драма театрынын директорлугунан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору болуп Жумакадыр Курмангалиев дайындалды. Аны кызматка дайындоо жөнүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу чыккан.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатка министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырды.

Белгилесек, буга чейин Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору Эл акыны Азамат Болгонбаев болчу. Аны менен байланышканыбызда, театрдан кеткенин ырастады.

"Театрдан кеттим. Улуттук "Манас" театрында чыгармачылыгымды улантам. "Эл акыны Элмирбек" эл аралык коомдук фондун жетектейм", - деди ал.

Жумакадыр Курмангалиевдин өмүр баяны тууралуу кыскача:

1962-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Ат -Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган.

1983-жылы Пржевальск мамлекеттик музыкалык колледжинин "Хор дирижеру", 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий агартуу иштери боюнча адистигин аяктаган.

2018-жылдан 2023-жылга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборду жетектеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10947