Эл акыны Азамат Болгонбаев филармонияга жетекчи болору айтылды. Министрликтин жообу
RU

Эл акыны Азамат Болгонбаев филармонияга жетекчи болору айтылды. Министрликтин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Эл акыны Азамат Болгонбаев Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясына жетекчи болуп дайындалат деген билдирүүлөр тарады. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги айтылып жаткан кептерге чекит койду.

"Учурда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмоновдун кызмат ордуна Азамат Болгонбаев барат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Коомчулуктан жалган жана такталбаган маалыматтарды жазып, аны таратпоого чакырабыз", - дешет министрликтен.

Белгилесек, Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору. Ал бүгүнкү күндө ишин улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9801