"Кудаңар президент". Садыр Жапаровдун уулунун үйлөнүү тоюнан видео
RU

"Кудаңар президент". Садыр Жапаровдун уулунун үйлөнүү тоюнан видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка Садыр Жапаровдун уулунун үйлөнүү тоюнан видео чыккан. Анда биринчи айым Айгүл Жапрова кудалардын алдында чепкен-кийити менен турат. Дагы бир адам, кудалардын күйөө баласы Ренатты Садыр менен Айгүл Жапаровдор тарбиялаган деп айтып жатат.

"Кудалыгыбыз кут болсун. Балдар бактылуу болсун. Кудаңар президент. Кудагыйыңар мына. Баланы ушулар чоңойткон. Ушулардын үйүндө өскөн. Уулубуз кызыңар менен таанышканда таптакыр башка шартта болчубуз. Эми азыр таптакыр башка шартта болуп жатабыз. Кудайдын буйругу экен. Алысты жакын кылган кыз деп бекеринен айтылбаса керек, Жалал-Абад менен куда болуп калабыз деп биз деле ойлогон эмеспиз", - деп айтат.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун уулу Ренат 28-мартта үйлөнгөн. Берилген маалыматка ылайык, той чакан форматта өтүп, эң жакын адамдар гана чакырылган. Ренат 1997-жылы туулган. Келинчегинин аты Аяна, ал 21 жашта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1097