Президент Ботаникалык бакка барды. Ага жакшыртуу пландарын көрсөтүштү
RU

Президент Ботаникалык бакка барды. Ага жакшыртуу пландарын көрсөтүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын учурдагы абалы жана реконструкциялоо пландары менен таанышты. Бул туурасында президенттин администрациясынан бүгүн, 18-мартта кабарлашты.

Мамлекет башчысына реконструкциялоо долбоорун ишке ашырган учурда:

  • бактын аймагында эки кабаттуу административдик имарат;
  • бир нече чарбалык имараттар; трансформатордук көмөкчордон; күнөсканалар;
  • питомниктер;
  • ирригациялык система жана башка объекттер оңдолот;.
  • транспорттук схема өрт коопсуздугунун нормаларына ылайык келтирилет;
  • жөө жүргүнчүлөр үчүн зоналар заманбап стандарттар боюнча жакшыртылары маалымдалды.

Президент белгилегендей, Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын курамында калат.

Мамлекет башчы алгачкы этапта Горький көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын филиалын (5 гектар) реконструкциялоону тапшырды. Анда жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, ал шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин белгиледи.

Белгилесек, ушул эле бакта бүгүн Президенттин администрациясынын, Президенттин иш башкармасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик өттү.

Маалымдама: Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак 1938-жылы Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Кеңешинин 1938-жылдын 13-мартындагы №336 токтому менен негизделген. Ага быйыл 85 жыл толду.

Бул жергиликтүү флораны изилдеп, аны дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн өсүмдүктөрүн интродукциялоо менен байыта баштаган республикадагы биринчи илимий-изилдөө мекемеси.

Ботаникалык бак Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын системасындагы илимий-изилдөө институту болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10992