Садыр Жапаров быйыл Бишкектеги Нооруз майрамына катышат
RU

Садыр Жапаров быйыл Бишкектеги Нооруз майрамына катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 21-мартта Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өтөт. Салтанатка Садыр Жапаров катышат.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 10:00дө башталат.

Белгилесек, өлкө башчы былтыр 21-март Нооруз майрамын Баткен облусунда тоскон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11019