1-апрелден тартып, Бишкекте балдар аянтчасы жабылат
RU

1-апрелден тартып, Бишкекте балдар аянтчасы жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги эпидемиялык кырдаал күндөн-күнгө күчөп барат, бул тууралуу бүгүн, 30-мартта өткөн брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында эки күн мурун шаарда 101 адам коронавирус инфекциясын жугузду, деп катталган болчу, азыркы тапта 53 жаранды каттоого алышты.

Бардыгыңардан суранып кетким келет, этият болгула, маска тагынып, киши көп чогулган жерлерге барбагыла.

Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекованын сөзү боюнча, Бишкекте 1-январдан бери 3096 учур катталды. Ал эми Бишкек мэриясынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова шаар боюнча 10 бригада иш алып барып жатканын кошумчалады.

"Оору жугузгандар контакт болгон чөйрөдөн жугузуп жатышат. Ооругандар менен контактыда болгон жарандарды үйдө карантинде болуп тургула, деп суранам. Көпчүлүк адамдарда коронавирус симптомдору жок өтүп жатат, бирок алар башкаларга оору жугузат", - деп ал белгиледи.

Зарылчылык болсо, шаарда кошумча 1 500 жатак орун ачылат, деп Исмаилова айтты.

Чыныбаеванын билдирүүсүнө ылайык, 1-апрелден тартып бардык балдар аянтчалар жабылат.

"Соода борборлорунда балдар абдан көп. Биз алардын ден соолугуна сарысанаа болуп жатабыз. Ошондуктан балдар аянтчасын эки жумага жабууну чечтик. Бул экстрендик чара. Эпидемиялык кырдаал күчөбөсө, кайра бардыгын ачабыз", - деди вице-мэр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1103