Жети-Өгүздөгү адам өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы
RU

Жети-Өгүздөгү адам өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Жети-Өгүз районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайын билдирди. Жол кырсыгы 21-мартка караган түнү саат 01:30да Кичи-Жаргылчак айылында Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун 152-чакырымында болгон.

Жубайлар (32 жаштагы З.А. жана 30 жаштагы И.Э.) Караколго баруу үчүн аялдамада турушкан. Аларды Audi B4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 22 жаштагы А.Ы. байкап, Караколго алып кетүү үчүн токтогон. Анын унаасында дагы бир жүргүнчү болгон. Audi B4 үлгүсүндөгү унаа аялдамага токтогон маалда 1999-жылы туулган К.К.нын башкаруусундагы Volkswagen Golf IV үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.

Audi B4үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 22 жаштагы А.Ы. жана жүргүнчү 30 жаштагы И.Э., ошол жерден каза болгон. Volkswagen Golf IV унаасынын айдоочусу 1999-жылы туулган К.К., 32 жаштагы З.А. жана дагы бир жүргүнчү "Тез жардам" кызматы аркылуу райондук ооруканага жеткирилген. Алар хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Алкоголдук, баңги заттарды же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жасалган жосун" беренеси боюнча иш козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11047