Эки жашар баланын сабалышы. Чүй облустук соту өкүм чыгарды
RU

Эки жашар баланын сабалышы. Чүй облустук соту өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-мартта Чүй облустук сотунда эки жашар Егордун сабалышы боюнча соттук отурум өттү. Наристе апасы менен чоогу жашаган адам тарабынан сабалган.

Буга чейин Сокулук райондук сотунда судья Манасбек Кулмурзаевдин төрагалыгы алдында соттолуучу Александр Самаркинди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Кыйноо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

22-мартта Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы соттолуучу Самаркиндин акыркы сөзүн угуп, өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө жөнөп кетти. Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген соттук коллегия Самаркиндин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз – беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, эки жаштагы Егор катуу сабалган. Баланы ооруканадан чоң энеси алып кеткен. Бул иш боюнча айыпталуучу катары Александр Самаркин болгон. Егордун апасы Алена Чумакова соттолуучуну колдоп көрсөтмө берип, кийин Самаркинден корккондуктан ушундай кадамга барганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11052