Эки жашар Егордун апасы сотто айыпталуучуну актап жатат
RU

Эки жашар Егордун апасы сотто айыпталуучуну актап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сот учурунда эки жашар Егордун апасы айыпталуучу Александр Самаркинди актады. Эске салсак, ушул жылдын Февраль айында Сокулуктагы ооруканага эки жашар Егор оор жаракаттары менен түшкөн. Баланын кулагы сынып, денеси көгала болчу. Анын атасы айыпталуучу Самаркин наристенин жыныс мүчөсүн кескилеп, манжаларын өрттөгөнгө аракет кылган деп айтып берген.

Егордун апасы Алена Чумакова сот учурунда төмөнкүлөрду айтып берген: "Саша кээде эле Егорду тиштечү, бир жолу денеси көгөрүп калган, бирок Егор ыйлачу эмес. Саша Егорду шпагатка отургузганга аракет кылган, мен бир жолу эскертүү бергенден кийин антпей калган. Бир жолу Егор мештин жанындагы ысык таштардын үстүндө турганын көргөм, Саша мага Егор жылынып жатат, деп айткан болчу".

Жабыркаган баланын энесинин айтымында, Егор эч качан Самаркиндин иш аракеттерине даттанып ыйлачу эмес. "Уулумдун эч жери оорубаса керек, ошон үчүн ыйлачу эмес", дейт аял. Мисалы бир жолу Саша Егорду машине айдаганды үйрөтөм деп, алдына отургузуп алган. Бир аздан кийин түртүп, салды бирок урган жок, деп Егордун апасы Алена айтып берди.

Февраль айында, Егор сабалгандан кийин, Алена Kaktus.kg редакциясына, баласы өзү жыгылып кетип, кулагын күйгүзүп алган, деп айтып берген болчу.

Бирок, Егордун чоң апасынын пикири боюнча (Егор азыр аны менен жашайт), Алена атайылап ушундай көрсөтмө берип жатат. Себеби Самаркин экөө көңүлдөш. Алена аны жоопкерчиликтен алып калгысы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6423