УКМКнын 3 милиция кызматкери кармалды деген маалыматын жактоочу четке какты
RU

УКМКнын 3 милиция кызматкери кармалды деген маалыматын жактоочу четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 3 милиция кызматкери кармалганын, арасында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана эки тергөөчүсү бар экенин кабарлаган. Алар массаж салондордун ээлеринен "калкалоо үчүн" системалуу түрдө опузалап акча алууга шектелип жаткан.

Расмий маалыматта Биринчи Май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилгени айтылган.

Жактоочу Канат Хасанов Kaktus.media сайтына эки кызматкер кармалганын, үчүнчүсү жаңылыштык менен кармалып, кайра бошотулганын айтат.

"Эмнеге эки милиция кармалса, УКМК үч милиция кармалды деген маалымат таратып жатканын түшүнгөн жокмун", - дейт.

Хасанов ошондой эле козголгон кылмыш ишинин алкагында акча алмаштыруучу жайдын кызматкери кармалып, УКМКга жеткирилгенин билдирди. Адвокаттын айтымында, аны "коркутуп-үркүтүшкөн", ал "тергөө үчүн зарыл болгон көрсөтмөлөрдү берген окшойт".

"УКМКнын тергөө кызматтарында кармалган милиция кызматкерлеринин күнөөсү боюнча эч кандай далилдер жок", - деп жыйынтыктады Хасанов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11122