Милициялардын кармалышы. ИИМ бир катар жетекчилерди кызматтан алды
RU

Милициялардын кармалышы. ИИМ бир катар жетекчилерди кызматтан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан 3 милиция кызматкери кармалган. Алар массаждык салондордун ээлеринен "калкалоо үчүн" системалуу түрдө опузалап акча алууга шектелип жатканы маалымдалган.

Бул окуяга байланыштуу Ички иштер министрлиги ыкчам коллегия өткөрүп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди татыктуу, так жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы, жетекчилик курам арасында уюштуруу-башкаруучулук иштердин начардыгы жана кемчиликтери аныкталып, кол алдындагы кызматкерлердин коррупциялык көрүнүштөргө жол берилип, пара алуу фактыларынын орун алгандыгына байланыштуу атайын чечимдерди кабыл алды.

Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана укук коргоо органдарынын талаптарын аткарбагандыктары үчүн:

  • Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин начальниги - Мирлан Ниязалиев;
  • Биринчи Май РИИБинин начальнигинин орун басары - Улан Орозалиев;
  • Биринчи Май РИИБинин начальнигинин орун басары - Эрмек Момуналиев;
  • Бишкек ШИИББдин КИБдин начальнигинин орун басары - Улан Бектемишов ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Дисциплинардык жоопкерчиликке тартылгандар:

  • Бишкек ШИИББдин начальниги - Азамат Ногойбаевге "катуу сөгүш";
  • Бишкек ШИИББдин начальнигинин орун басары - Кылычбек Жолдошовге;
  • Бишкек ШИИББдин начальнигинин орун басары - Данияр Рыскуловго;
  • Бишкек ШИИББдин Кадрлар бөлүмүнүн начальниги - Айбек Ибраимовго "кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү" тартиптик жазасы;
  • ИИМдин ички иликтөөлөр бөлүмүнүн начальниги - Таалайбек Турганбаевге;
  • Бишкек ШИИББдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги - Улан Бердибаевге "катуу сөгүш" жарыяланды.

Дайындалгандар:

  • Милициянын полковниги Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБдин начальниги кызматына;
  • Милициянын полковниги Айбек Ажыбаев Чүй ОИИББдинн начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББдинн начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына;
  • Милициянын полковниги Талантбек Асаналиев Чүй ОИИББдин карамагында турган Бишкек ШИИББдинн кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына;
  • Милициянын полковниги Нурмат Давлетов ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун санариптик көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды;
  • Чүй ОИИББдин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын полковниги Руслан Аралбаевге жана Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин кадр боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын подполковниги Мирлан Казымбековго жүктөлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11116