Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында кайрадан өрт чыкты
RU

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында кайрадан өрт чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-мартта саат 11:20 чамасында Ысык-Көлдүн Тоң районунун Көк-Мойнок-2 айылында ачык аянтта кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Мындан сырткары Токой чарбасынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Тоң райондук РИИБден 12 кызматкер өрт өчүрүү ишине көмөк көрсөтүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты болжолдуу 5 сотых. Аталган аймакта 24-март күнү өрт чыгып, анын жалыны болжол менен 50 гектардай аянтты каптаган. Өрт толугу менен саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетүүсүн көзөмөлгө алуу максатында жеринде нөөмөт уюштурулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11125