Массаж салондорун "калкалоого" шектелген милиция кызматкерлери СИЗОго киргизилди
RU

Массаж салондорун "калкалоого" шектелген милиция кызматкерлери СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте массаж салондорун "калкалоого" шектелген милиция кызматкерлери СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Белгилесек, УКМКнын кызматкерлери Биринчи Май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. кармаган. Кийин милициялардын бири коё берилген.

Кечээ, 25-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда камактагы эки милиционердин баш коргоо чарасы каралды. Судья иштин материалдарын карап чыгып, шектүүлөрдү 2023-жылдын 24-апрелине чейин камакта калтырды.

Жактоочу Канат Хасанов Kaktus.media сайтына соттун чечимине каршы сөзсүз түрдө даттанарын жана милициялардын камалышын мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирди.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11144