"90 депутаттын духу жетпеди". Bespredel.kg баракчасынын администратору сурак берип чыкты
RU

"90 депутаттын духу жетпеди". Bespredel.kg баракчасынын администратору сурак берип чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Bespredel.kg баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков Октябрь РИИБине күбө катары суракка чакыртылган. Ал 26-мартта сурак берип чыкканын, тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарбоого кол койгонун белгиледи.

Бирок Жоробеков Instagram`дагы Bespredel.kg баракчасына бийликке карата сын-пикирин калтырды.

"Мени камап мамлекет өнүгүп кетсе же арзанчылык болот десе камай берсин. Мен эски уурулардын бийликке кайтып келишине жөн карап тура албайм. Чыгарган постторумдун бирине да өкүнбөйм. Булар өкмөт, сот, УКМК, милиция, Жогорку Кеңешти менчиктештирип алганы аз келгенсип эми менин оозумду жапканга аракет кылып жатышат. Мен жазган нерсени ЖКда отурган 90 депутаттын биринин айтканга да духу жетпеди. Баары сүйлөшүп алды же сатылып кетти. Мен эркиндикте боломбу же түрмөдө боломбу постторум чыга берет", - деп жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11154