Россиялык жаран Кыргызстандан 16 миң доллардан ашык акча алып чыгууга аракет кылган
RU

Россиялык жаран Кыргызстандан 16 миң доллардан ашык акча алып чыгууга аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын чек арасынан акча каражатын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган орус жараны кармалды. УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашкандай, анын жанынан 16 миң доллардан ашык акча табылды.

Маалым болгондой, 27-мартта "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунда чек арачылар бажы кызматкерлери менен биргеликте акчаны мыйзамсыз алып өтүү фактысына бөгөт коюшту.

Анда Россиянын жараны - 1986-жылы туулган Р.Х. Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан. Бажы көзөмөлүнөн өтүп жатканда анын жанынан 16 миң 275 доллар табылган. Ал акчаны декларациялаган эмес.

Тиешелүү документтер алынгандан кийин орус жараны менен акча каражаты компетенттүү органдарга тергөө үчүн өткөрүлдү.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11157