Украина сутка ичинде Россиянын 600дөн ашык аскери курман болгонун билдирди
RU

Украина сутка ичинде Россиянын 600дөн ашык аскери курман болгонун билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-март күнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өткөн суткада Россия 600дөн ашуун аскерин жоготконун билдирди.

Украинанын маалыматына таянсак, 2022-жылдын 24-февралынан бери Россия жапысынан 171 160 аскерин жоготкон.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Россия 3595 танкынан, 6953 аскердик брондолгон унаасынан, 2638 артиллериялык системасынан жана 523 реактивдүү жапырт ок атуучу системасынан кол жууганын да кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 18-февралда Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында Украинада кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери Россия 200 миңдей аскери өлгөнүн жана жаракат алганын айткан.

Бирок Россия өлгөн аскерлери жөнүндө так маалымат бербейт. Кремлдин Коргоо министриги 2022-жылдын 21-сентябрында отчёт берип, 5937 аскери мерт болгонун кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11173