Азырынча, Кыргызстанда COVID-19дун жаңы штаммы аныктала элек
RU

Азырынча, Кыргызстанда COVID-19дун жаңы штаммы аныктала элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда COVID-19дун мутациялаган штаммы аныктала элек. Бул тууралуу "Биринчи радиого" берген интервьюсунда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.

Коронавирустун мутациялаган штаммдары Өзбекстан жана Казакстанда аныкталган. Мисалы, Алматыда британиялык жана түштүк африкалык штаммдар табылган. Алардын башкы айрымачылыгы - контагиоздуулугу өтө жогору, башкача айтканда, тез жугат. Казакстандын бийлиги республика коронавирус тез жайылгандыктан кайра кызыл зонага киргендигин маалымдады.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин деле эскерткен, эртели-кеч бул вирус Кыргызстанда да пайда болот. Бирок Бейшеналиевдин айтымында, азыркы учурда ал өлкөнүн аймагында аныктала элек. Ошого карабастан министр бардык коргоочу каражаттарды колдонууга чакырды. Себеби республика боюнча ооруну жугузуу көрсөткүчтөрү өсө баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1117