Эл артисти Асанкул Осмонов акыркы сапарга узатылды
RU

Эл артисти Асанкул Осмонов акыркы сапарга узатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Эл артисти, көрүнүктүү кино жана театр актёру Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 28-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында өттү.

Коштошуу зыйнатына белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият тармагынын бир катар өкүлдөрү, кесиптештери жана жакындары катышты.

Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.

1958-жылдан тарта өмүрүнүн соңуна чейин Кыргыз улуттук академиялык драма театрда эмгектенген актёр театр жана кинолордо ондогон ролдорду жараткан.

1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы менен сыйланган.

88 жашында дүйнөдөн кайткан актёрдун сөөгү борбордогу "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11193