Эл артисти Асанкул Осмонов дүйнө салды
RU

Эл артисти Асанкул Осмонов дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Републикасынын Эл артисти Асанкул Осмонов 26-мартта акка моюн сунду. Бул туурасында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан кабарлашты.

Актёр менен коштошуу зыйнаты 28-мартта Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө өтөт.

Өмүр баяны:

Асанкул Осмонов Нарын облусунун Миң-Булак айылында 1935-жылы туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин, Пржевальск шаарындагы айыл чарба техникумуна кирип аны 1954-жылы аяктаган. 1977-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

1958-жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына келип, бүткүн өмүрүн кыргыз театр искусствосуна арнаган. "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Бакайдын, "Ормон хан" спектаклинде Калыгул олуянын, "Айкөл Манас" спектаклиндеги Кошойдун, "Сейтек" спектаклинде Семетейдин, "Өмүр жана өкүнүч" спектаклинде генерал Скобелевдин, "Курманжан датка" спектаклинде Алымбек датканын, "Ак боз ат" спектаклинде Жаныбек хандын, "Атаке баатыр" спектаклинде Князь Вяземскийдин, "Король Лир" спектаклинде Француз королунун образдарын жараткан.

Асанкул Осмонов кыргыз кино искусствосуна да өз салымын кошкон. Атай кетсек, М.Убукеевдин "Манас ааламы" фильминде Жакыптын, Т.Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" фильминде комунисттин жана башка ондогон тасмаларда элдин эсинен кеткис образдарды жараткан.

Театр искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" ардактуу наамына татыктуу болгон.

Kaktus.kg сайты Асанкул Осмоновдун дүйнө салганына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11148