Ак-Ордодо жер тилкесине байланыштуу беш киши кармалды
RU

Ак-Ордодо жер тилкесине байланыштуу беш киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелип беш адам кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Алар:

  • Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т.;
  • башкармалыктын адиси С.Т.М.;
  • райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А.;
  • аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жаран.

Маалыматка ылайык, прокуратура кызматы Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери жер сатуу менен алектенген кишилер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Ак-Ордо конушундагы жер тилкелеринин документин жасап, сатышкандыгы аныкталган.

"Учурда 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Башкы прокуратура бул кылмыш ишине тиешеси бар башка кишилерди аныктап жатат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11198