Бишкекте эки окуучу мушташа кетип, бирөөсү каза болгон
RU

Бишкекте эки окуучу мушташа кетип, бирөөсү каза болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эки окуучу мушташа кетишкен, эртеси күнү бирөөсү ооруканадан каза болгон. Сот айыптууну пробациялык көзөмөл жазасына тартты. Бул тууралуу 2021-жылдын 19-мартында жарыяланган соттун чечиминде айтылган.

Берилген маалыматка ылайык, 15 жаштагы Идрис (аты өзгөртүлдү) 2019-жылдын 27-майында болжол менен кечки саат 20:00до футбол талаасынын жанынан 2003-жылы туулган классташы Андрей менен мушташа кеткен. Ал ошол күнү ооруканага жеткирилип, эртеси каза болуп калган.

Сот залында Идрис өз күнөөсүн мойнуна алып, Андрей менен параллель класстарда окуп жүргөнүн билдирген. 2019-жылдын 26-майында Андрейдин тамеки чегип жатканын көрүп, ага сын айткан. Андрей аны сөгүп, орой жооп бергенин, Идрис аны бетке урганын айткан.

"Эртеси күнү досторум менен футбол ойноп жаткам, Андрей мени чакырып, экөөбүз чет жака басканбыз. Ортобузда пикир келишпестик жаралып, мушташа кеттик. Мен аны жаакка сокконумда ал жыгылып, асфальтка катуу урунду. Мен аны көтөрүп, досторум менен жуунтуп, үйүнө чейин узатып койгонбуз. Баратканыбызда башынын ооруп жатканын айткан", - деп Идрис айтып берген.

"Андрей 2019-жылы 27-майда, болжол менен саат 21:00до үйгө келген. Көзүнүн алды көгөрүп, мурду канап калыптыр" - деп каза болгон баланын апасы билдирди.

"Классташы менен мушташа кеткенин айткан. Чекесине муздак басып, бетин жууганбыз. Бир аздан кийин жүрөгү айланып, кузду. Башынын ооруп жатканын айтып, төшөккө жаткан. Күйөөм экөөбүз ооруканага алып барууну чечтик. Ал жактан рентгенге тартышып, бардыгы жайында бирок мээси чайкалып калган, деп айтышкан. Эртең менен ооруканадан телефон чалышып, уулумдун абалы кескин начарлап, комага түшүп калганын кабарлашты. Биз келгиче Андрей үзүлүптүр", - деп ал айтып берди.

Каза болгон өспүрүмдүн апасы, Идриске доосу жок экенин билдирип, жаш баланын тагдырын бузгум келбейт, деген. Ошого байланыштуу соттон аны жазага тартпай эле коюуусун суранган.

Тараптардын жана күбөлөрдүн пикирин угуп, сот Идристи 40 000 сом айып пул төлөп, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Айыпталуучунун жаш курагын жана оң мүнөздөмөсүн эске алып, пробациялык көзөмөл түрүндөгү үч жылдык жаза тартуу бүтүмүн чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1120