Ошто окуучу баланы өлтүрүп кетишкен: үч өспүрүм камакка алынды (окуядан кийинки видео)
RU

Ошто окуучу баланы өлтүрүп кетишкен: үч өспүрүм камакка алынды (окуядан кийинки видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто үч өспүрүм камакка алынды. Алар окуучу балдарды бычактады деп айыпталууда. Бул тууралуу шаардын ИИБси кабарлады.

Эске салсак, кечээ, 12-февралда, милицияга облустук ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда бычактан жарадар болгон эки мектеп окуучусу ооруканага келип түшкөну айтылган. Алардын бири 2004-жылы туулган өспүрүм каза болду. Экинчиси оор абалда.

Экөө тең Наримандагы орто мектептин 10-классынын окуучулары. Мектептен алыс эмес жерден, "Ареопаг" дүкөнүнүн жанынан жарадар болушкан. Кийин ооруканадан Нариман айылынан эки өспүрүм келип түштү, деген билдирүү келген. Өспүрүмдөрдүн бири операция жасалып жатканда көз жумган.

Шектелүүчүлөр болжол менен 21:00 кармалышкан. Учурда алар Ош ИИБсинде.

Маалымат булак билдиргендей, бул окуя болгондон кийинки видео жаздыруу.

Негизги шектелүүчү К уулу А., 2004-жылы туулган. Ал каза болгон баланы бычактаган жана жасаган кылмышын мойнуна алды. Инцедент болгон учурда анын жанында бычак бар болчу, ал өспүрүмдөр менен сүйлөшүп, аларды жарадар кылган.

К уулу А., Алайдан келген, учурда Бишкекте жашайт. Камакка алынган учурда, жанында кастет бар болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/665