Ажылыкка барчулар эмдөөдөн өтүшү зарыл. Кайсы вакциналар менен эмделүү керек?
RU

Ажылыкка барчулар эмдөөдөн өтүшү зарыл. Кайсы вакциналар менен эмделүү керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ажылык сапарына бара турган жарандар эмдөөдөн өтүшү керек. Мындай маалыматты Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, 2019-2023-жылдар ичинде ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлерден COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат талап кылынат. Ал ажылыкка баруучунун делосуна тиркелет. Мындай талапты Сауд Аравиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги койгон.

Төмөнкү вакциналардын бири менен эмделүү керек:

  • Pfizer-BioNTech;
  • AstraZeneca;
  • Moderna;
  • Janssen;
  • Sinopharma;
  • Sinovac;
  • Sputnik V;
  • Covaxin;
  • Nuvaxovid;
  • Covovax.

Эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгып калат дешет Муфтияттан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11236