Ажылык сапарга каттоо башталды. Баасы жана каттоонун шарттары
RU

Ажылык сапарга каттоо башталды. Баасы жана каттоонун шарттары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Сауд Аравия падышачылыгы ажылык сапар үчүн кыргызстандыктарга 6 миң квота берди. Бул туурасында Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев маалымат жыйында билдирди.

Ажылыктын баштапкы баасы Сауд Аравиясы тарабынан 1000 доллар деп аныкталган, калган айырма сапар башталганга чейин көрсөтүлөт. Так баасы кандай болорун да кабыл алган тарап аныктайт.

"Төлөм "РСК Банк" аркылуу жүргүзүлөт. Баса белгилей кетүү керек, зыяратчылар сарптай турган каражат көбүрөөк болот. Мисалы 2022-жылы бир адамга 4500 доллардын тегерегинде акча сарпталган", - дешти Муфтияттын өкүлдөрү.

Учурда 4313 адам кезекте турат. Катталгандардын саны 7 миңге жеткенде каттоо жабылат.

Белгилей кетсек, 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарга баруучу талапкерлер 14-февралга чейин төлөмдүн дүмүрчөгүн, каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек. Эгер төлөм жүргүзүү мөөнөтүнөн кечиксе талапкер тизмеден чыгарылат.

Ал эми 20-февралдан 6-мартка чейин ажылыкка жаңыдан барууну каалаган талапкерлерди каттоо жүрөт.

Ажылыкка барууну каалаган талапкерлер төмөнкү документтерди көрсөтүүсү керек:

  • эл аралык паспорт;
  • никени тастыктаган документ;
  • 086 формасындагы күбөлүк;
  • кийиминин өлчөмү жөнүндө маалыматтар;
  • 18 жашка чыккан адамдар үчүн - ата-энесинин ишеним каты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10048