Ошто жапырт ууланган окуучулардын абалы айтылды
RU

Ошто жапырт ууланган окуучулардын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 29-мартта 43 окуучу белгисиз нерсеге ууланган. Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 30-мартка карата 5 окуучу ооруканада жатканын маалымдады.

Ош облустар аралык балдар клиникасынын акыркы маалыматы боюнча, Кара-Суу районундагы №101 орто мектебинин окуучулары "Тез жардам" менен жеткирилген. 43 окуучу реаниматолог, травматолог, невропатолог, окулист, кардиолог, аллерголог, педиатрдын кароосунан өтүшкөн. Алардын абалдары канааттандырарлык деп бааланган.

43 баланын (2009-2011-жылдары туулган) ичинен 18и ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 30-мартта 13 бала амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинен аталган окуя боюнча райондук билим берүү бөлүмү мугалимдер жана ата-энелер менен жыйын өткөрөрүн маалымдашты.

Азырынча окуучулардын ууланышынын себеби айтыла элек.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11238