Балыкчыда ит тиштеп алган бала ооруканага түштү
RU

Балыкчыда ит тиштеп алган бала ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 13 жаштагы баланы ит тиштеп алган. Ал алган жаракатынан улам шаардык ооруканага түшкөн дешет облустук милициядан.

Белгилүү болгондой, 29-мартта саат 21:45 чамасында Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 2010-жылы туулган баланы ит тиштеп салганы айтылган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, сурамжылоо жүргүзгөн.

Аныкталгандай, ошол күнү кечинде көчөдөгү ит баланын бутунан тиштеген. Иттин кожойкеси окуя болордон эки күн мурда ити уулуй бергенинен бошотуп койгонун айтып, жабырлануучу тараптан кечирим сураган.

Окуучунун ата-энеси эч кимге доо арызы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартышкан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат дешет милициядан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11265