Түркияга жардам. Кыргызстандыктар 111,1 млн сом чогултту
RU

Түркияга жардам. Кыргызстандыктар 111,1 млн сом чогултту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

31-март саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 111 млн 196 миң 797 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: "Айыл Банк" ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 "Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)".

Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11267