Ногойбаевдин чуулгандуу билдирүүсү. Ага карата ИИМ ички териштирүү баштады
RU

Ногойбаевдин чуулгандуу билдирүүсү. Ага карата ИИМ ички териштирүү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Ички иликтөө кызматы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысына карата текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, ИИМдин ички чалгын кызматы борбор калаанын милиция башчысы Азамат Ногойбаевдин социалдык тармактагы түз эфирде кыздар тууралуу айткан билдирүүсү боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүп баштады.

Эске салсак, Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаевдин бүгүн, 31-мартта маалымат жыйында жашы жете элек кыздар өзүдөрү аларга карата зордук-зомбулук фактылары көбөйүп жатканына күнөөлүү деп айыптаган чуулгандуу билдирүүсү коомчулукта талкуу жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11283