Ногойбаев жашы жете элек кыздар өздөрү жыныстык катнашка макул болот деп айыптады
RU

Ногойбаев жашы жете элек кыздар өздөрү жыныстык катнашка макул болот деп айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев жашы жете элек кыздар өздөрү жыныстык катнашка макул болот деп айыптады.

Ал 31-мартта ички иштер башкармалыгындагы түз эфирде жашы жете электерге карата кылмыштар көп болуп жатканын белгиледи.

"Тагыраагы, жыныстык катнашка баруу. Көптөгөн фактылар бар. Биз жергиликтүү бийлик менен биргеликте көптөгөн чараларды, профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканыбыз менен акыркы убакта дайынсыз жоголгон кыздар төмөнкүдөй кырдаалга туш болушууда: "алар балдар менен таанышып, андан кийин ыктыярдуу түрдө алар менен сексуалдык катнашка барып жатышат". Албетте, жашы жете элек кыздар менен жыныстык катнашта болгондор жоопкерчилик тартат, андыктан эч ким жазага тартылбай калбайт. Жада калса өз жанын кыйган кыз да турмушка чыккысы келген. Жашы жете элек болгондуктан, бул кырдаал болуп кетти", - деп белгиледи Ногойбаев.

Биздин мыйзамдарга ылайык, он сегиз жашка чыккан адамдын он алты жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашка баруусу кылмыш болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11284