Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн бүлө убактылуу батирге көчүрүлөт
RU

Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн бүлө убактылуу батирге көчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда жер мунапысына байланыштуу үйү түрттүрүлгөн бүлөнүн маселесин президент жеке көзөмөлүнө алды. Бул үй-бүлөгө убактылуу жашаганга батир берилет. Мындай маалыматты жабырлануучу тарап билдирди.

Үйү түрттүрүлгөн келин Марал Шаболтованын иниси Бекболсун Шаболотов Kaktus.kg сайтына буларды айтып берди.

"Соттун чечимин укканда жездемдин кан басымы жогорулап, ооруканага түшкөн. Азыр да ооруканада жатат. Ал эми үйдү буздурар күнү эжемди атайын райондук сотко чакыртышып, Сокулукка жеткенде баштаган. Үйдө апам менен 2 жээним бар болчу. Аларды бузуу иштерин баштагандан кийин жулкулдатып чыгарышкан. Бир саат күтө тургула десек да укпай коюшту. Ал күнү жактоочуну чакырсак келбей койду", - деп окуя болгон күндү эстеди.

Садыр Жапаровдун окуя болгон жерге барып, үй-бүлөгө жардам көрсөтүлө турганы боюнча мындай дейт.

"Өлкө башчы өзү келип, маселени карамагына алды. 1 ай батирде жашап тургула, көчүрөбүз дешти. Үйдү башка жерге куруп берерин айтты", - деп кошумчалады.

Үйдү буздурган тарап биз барган учурда үйүндө жок болуп чыкты. Редакция экинчи тараптын пикирин угууга даяр.

Белгилесек, Ак-Ордо конушунда жер трансформациясына байланыштуу үй түрттүрүлүп, анын кесепетинен 1-мартта 4 балалуу келин көчөдө калган. Кийин жерине өлкө башчы барып, окуянын чоо-жайын билип келген.

Бул маселеге байланыштуу Садыр Жапаров Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10717