"Акыйкаттыкка жете алдык". Аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу 7 жылга кесилди
RU

"Акыйкаттыкка жете алдык". Аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу 7 жылга кесилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын 30-январында жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды Honda Fit унаасынын айдоочусу М.К. сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам 3 күндөн кийин каза болгон.

31-мартта шектүү жети жылга кесилди. Бул тууралуу маркумдун баласы Instagram баракчасына айтып чыкты.

"Сот аяктады... Бүгүн биз акыйкаттыкка жетише алдык. Күнөөлүү адам жети жылга кесилип, түз эле сот залынан камалды. Баарына чоң рахмат", - деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин Сауле Айткулова Kaktus.media сайтына кайрылган. Ал апасы Миркүл Айткулованын өмүрүн алган кырсык боюнча акыйкат чечим чыгарууну президент Садыр Жапаровдон суранган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11289