Токмокто миллиардер Ибрагимовго жаназасы окулуп жаткан учурда кримавторитет кармалган
RU

Токмокто миллиардер Ибрагимовго жаназасы окулуп жаткан учурда кримавторитет кармалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Миллиардер Алиджан Ибрагимов дүйнө салып, анын жаназасы окулуп жаткан учурда Точка каймана аты менен таанымал кримавторитет кармалган. Ага карата айып пул жазылып, андан кийин СИЗОдон бошотулган. Бул тууралуу соттун токтомунда жазылган.

Точка аттуу кримавторитет 1975-жылы туулган. 2021-жылдын 4-февралында, болжол менен саат 16:00до, Чүй ОИИсинин уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

Мүрзөдө Ибрагимовдун жаназасы окулуп жаткан учурда милиция кызматкерлери мас абалындагы адамга көңүл бурушкан. Өздүгүн аныктоо үчүн документтерин текшерип жаткан учурда жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны табышат. Ал курал жаракка таандык документтерди көрсөтө алган эмес, ошондуктан Токмок шаарынын ИИБсине жеткирилген. Ал жактан анын өздүгү аныкталып, буга чейин бир нече жолу соттолгон Точка атуу кримавторитет экенин аныкталган.

Сот отурумунда соттолуучу 4-февралда Алиджан Ибрагимовдун өлгөнүнө саат 12:00до келгенин, анын жакындарына көңүл айтып, андан кийин мүрзөгө барганын айтып берген. Мүрзөдөн ага белгисиз адамдар келип, документтерин талап кылышкан. Тинтүү учурунда Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны таап алышкан. Ал өзү бул тапанчаны эки күн мурун көчөдөн таап алган, бирок ички иштер органдарына өткөрүп жетишпей калганын маалымдаган.

Соттолуучу өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, аны эркинен ажыратпоону суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1131