Кыргызстанда кайсы белгилүү компаниялар "Google салыгын" төлөшөт? Тизме
RU

Кыргызстанда кайсы белгилүү компаниялар "Google салыгын" төлөшөт? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 1 жыл ичинде электрондук кызмат көрсөткөн 39 чет элдик компания Салык кызматынын vat.salyk.kg сервиси аркылуу аралыктан салыктык каттоодон өтүшкөн. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Анын ичинде АКШда катталган 6 компания, Дубайда, Ирландияда, Нидерландияда – 4төн, Улуу Британияда, Канадада, Кипрде – 3төн, Бириккен Араб Эмираттарында, Россияда жана Люксембургда, Кайман аралдарында, Латвияда, Японияда – 2ден жана Эстонияда, Арменияда, Казакстанда, Швецияда – бирден компания катталган.

"Алардын арасында Google, Amazon, Netflix, Яндекс Go, Adobe, Xsolla, Spotify, Audible сыяктуу белгилүү компаниялар бар. 2022-жылы 4 чет элдик компания – Яндекс Go, Vaskiani Ventures, Xsolla жана Adobe республиканын бюджетине 85 млн сомдон ашык суммадагы кошумча нарк салыгын төлөшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын чет өлкө кызматтарын пайдалануучуларына электрондук кызмат көрсөтүүчү чет элдик уюмдар үчүн "Google салыгы" киргизилген. КНСтин ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12% түзөт.

Салык кызматы Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөткөн башка чет өлкөлүк компанияларды vat.salyk.kg сервиси аркылуу КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өтүүгө жана идентификациялык салык номерин алып, салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11324