Салык декларациясын жарым-жартылай толтурган мамкызматкерлерге айып пул салынды. Тизме
RU

Салык декларациясын жарым-жартылай толтурган мамкызматкерлерге айып пул салынды. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салык декларациясын талаптагыдай толтурбаган мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер жоопкерчиликке тартылды. Бул туурасында Башкы прокуратура тарабынан маалым болду.

Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө бербей, толук эмес маалыматтар менен берилгендиги боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Ага ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренеси (Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү) менен 303 укук бузуу боюнча иш козголгон.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы 247 укук бузуу иштери боюнча чечимдер кабыл алынып, 1 миллион 89 миң сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Калган өндүрүштөр сот органдарында кароосунда турат. Салынган айып пулдардын ичинен бүгүнкү күнгө карата жалпы 851 000 сом төлөндү.

Укук бузуучулардын басымдуу бөлүгүн, тагыраагы, 241 укук бузуучу мамлекеттик кызматкерлер. Анын ичинде:

  • укук коргоо органдарынын кызматкерлери - 174;
  • муниципиалдык кызматкерлер – 62;
  • Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондорунун акимдери - 1;
  • Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары -1;
  • "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын башчысы жана башка мамлекеттик, муниципалдык органдардын жетекчилери да Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жоопкерчилигине тартылышты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9965