Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилековага сот чечим чыгарды
RU

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилековага сот чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилековага карата Жети-Өгүз райондук соту чечим чыгарды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

Айтымында, бүгүн, 4-апрелде ал жактаган адам - Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова толук акталды. Ага УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан талап кылуу жана кызматтык абалынан пайдалануу айыбы тагылган.

Андан тышкары Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мурдагы башкы дарыгери Бейшекан Жайлымышева да толук акталып, реаблитацияланды.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын кеңешчиси 17-майда "Пара талап кылууга" шектелип Каракол шаарына жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11352