Урмат Самаевдин жакыны делген Токмоктун депутаты СИЗОдон бошотулду
RU

Урмат Самаевдин жакыны делген Токмоктун депутаты СИЗОдон бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаардык кеңешинин депутаты СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 5-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко өтүнүч менен кайрылган.

Жыйынтыгында сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Чокеев СИЗОдон бошотулду. Азыр шаардык кеңештин депутаты үй камагында.

Белгилей кетсек, 11-мартта Аламүдүн райондук соту Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Кайрат Чокеев СИЗОго киргизилген, бирок ошол эле сот тергөөчүнүн өтүнүчү менен бошоткон.

Эске салсак, Токмок шаарында "Яндекс.Такси" компаниясынын өкүлчүлүгү ачылып, анда Токмок шаардык кеңешинин эки депутаты – Кайрат Чокеев менен Зафар Абраимов, ошондой эле депутаттын бир тууган агасы "Люкс" таксисинин ээси Саид Абраимов такси компаниясынын өкүлдөрүн коркутуп, жабууну талап кылышкан. Коркутуулардан кийин кеңсенин ээси аны "Яндекс.Такси" менен ижара келишимин токтоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11387